Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сокулукта пенсия, жөлөк пулдардан дээрлик миллион сом кымырып алган кызматкерлер аныкталды

07.12.2022 11:10
347
Сокулукта пенсия, жөлөк пулдардан дээрлик миллион сом кымырып алган кызматкерлер аныкталды

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык,  аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдү өздөрүнө сиңирип алгандыгы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылышты.


Тергөө учурунда келтирилген 985 миң 651 сом зыян толугу менен өндүрүлүп, Сокулук райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн