Сокулукта көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Сокулук айылында көлмөнүн жанында 1964-жылы туулган А.С. аттуу эркек кишинин кийимдери табылып, сууга түшүп кетүүсү мүмкүн деген күмөн менен 102 кызматынан маалымат түшкөн.
Бүгүн, 22-июнда жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 6 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн