Сокулук районунда турак үй өрттөнүп, эки адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Новопавловка айылынын Ата-Журт конушунда жыгач устундуу темир менен жабылган 100 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 2 бөлмө, үй-тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 2018-жылы туулган Н.С. аттуу кыз денесинен күйүк алып, анын апасы А.А. ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн