Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сокулукта жаңы мектептен өрт чыкты

Сокулукта жаңы мектептен өрт чыкты

Бүгүн, 29-декабрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Токбай айылынын бала бакчага даярдалып жаткан жаңы мектептин имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жакынкы аралыкта мектептин ачылышы пландаштырылган.


"Жаңы мектептин бардык имараттары арабдардын жардамы менен 49 миллион сомго курулган", - деди жетекчилер.       


КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, бүгүн, 29-декабрда, Токбай айылынын медресесинде чыккан өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн саат 12: 05те Сокулук райондук No23 отрядынан өрт өчүрүү кызматы, саат 12: 18де Ленин райондук No6 отрядынан бригада, саат 12: 28де Бишкек шаардык No8 отрядынан өрт өчүрүүчү унаа жөнөп кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн