Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 19:25
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Сокулуктун тургуну инисин балта менен чаап өлтүрдү

28.10.2020 10:05
534
Сокулуктун тургуну инисин балта менен чаап өлтүрдү

Сокулук районунда адам өлтүрүү боюнча бир жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу мааламат келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин жургузүшкөн. 69 жаштагы А.М. иниси 64 жаштагы А.Д. менен уруша кетишип, балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам окуя болгон жерден ал каза болгон.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган 69 жаштагы А.М. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн