Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Соңку жуманын ичинде Россиядан Кыргызстанга 4 миңге жакын жаран кайтып келди

18.08.2020 11:38
882
Соңку жуманын ичинде Россиядан Кыргызстанга 4 миңге жакын жаран кайтып келди

 

10-августан 17-августка чейин Россиядан 20 чартердик авиакаттамдар менен 3 915 кыргыз жарандары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык,  Москвадан 7, Екатеринбургдан 5, Новосибирсктен 4, Санкт-Петербургдан 4 каттам учуп келген.


Алардын толук тизмеси:


- 7 авиакаттам Москва шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 1 687 жургунчүлөр менен;

- 4 авиакаттам Новосибирск шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 688 жургунчүлөр менен;

- 5 авиакаттам Екатеринбург шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 903 жургунчүлөр менен;

- 4 авиакаттам Санкт-Петербург шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 637 жургунчүлөр менен.


Маалыматка таянсак, 20-марттан тартып 17-августка чейин Россиянын 21 аймагынан 30 656 кыргызстандык кайтты. Россиядан 121 авиакаттамдар жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 95 автобус уюштурулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн