1-февралдан тарта баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн үйгө жеткирүү кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.
"Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-февралдан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирип берүү кызматын ишке киргизди",- деп жазды министр.
Кызматтан пайдалануу "Түндүк" электрондук порталы аркылуу ишке ашырылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн