Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:52
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Соода байланышын күчөтүү, темир жолду куруу. Кулубаев Кытайдын ТИМ башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

08.06.2022 05:59
578
Соода байланышын күчөтүү, темир жолду куруу. Кулубаев Кытайдын ТИМ башчысы менен кызматташтыкты талкуулады


 7-июнда Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев  Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри, Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү Ван И менен жолугушту. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  сүйлөшүүлөрдө министрлер кыргыз-кытай мамилелеринин бир топ маселелерин талкуулашты. Тараптар саясий кызматташуунун, Борбордук Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлинде жүрүп жатканын белгилешти.


Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө маани берди.


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Министрлер ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу долбоорлорун жылдыруу маселесин талкуулашты.


Тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы соода жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.


Кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.


Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана жарандардын өз ара катташууларына коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселелерин карашты.


Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү. Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Ини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн