Бишкектеги соода борборлорунун биринде орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды кыргыз тилинде сүйлөшүн талап кылган жаран камалды.
Маалыматка караганда, ал тергөө абагына бир айга камалган.
2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн