Бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышууда.
Жыйында С.Жээнбеков депутаттардын алдында сөз сүйлөп, анын президенттик мөөнөтүндө жасалган иштер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле, ал жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровго дагы ийгиликтерди каалап, "буюрса силердин араңарда болом", деп сөзүн жыйынтыктады.
Кезексиз жыйында Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү, президенттин кызматтын кетүүсү жана президенттин кызматынан кетип жатканын байланыштуу анын милдеттерин ким аткарары каралат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн