Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

06.07.2020 10:07
1065
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын видеоконференция форматында өтүүдө.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселеси жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн