Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 11:03
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Сооронбай Жээнбеков Венгрия президенти Янош Адер менен жолугушту

30.09.2020 09:29
1182
Сооронбай Жээнбеков Венгрия президенти Янош Адер менен жолугушту

Президент Сооронбай  Жээнбеков 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду.

Венгрия президенти Янош Адер Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министринин жемиштүү сүйлөшүүлөрү өлкөлөрдүн өз ара байланыштарын өнүктүрүүгө сөзсүз дем берерин белгиледи.

Ал ошондой эле, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу болуп каларын баса белгиледи.

Буга байланыштуу Янош Адер келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси  кыйла артыкчылыктуу болоруна көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия президентин эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы менен куттуктады.

Ал жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр мындан ары көп тараптуу жана  кыргыз-венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.  

Ал ошондой эле, Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирди жана Венгрия Президенти Янош Адерди Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн активдүү байланыштарды улантуу зарылдыгын белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн