Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту

29.09.2020 14:29
1176
Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту

Бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарындагы «Кармелита» сарайында президент Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң «Кармелита» сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда, премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга жооп катары жасалган сапары менен барган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн