Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

С.Жээнбеков В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

31.08.2020 14:41
898
С.Жээнбеков В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү


Бүгүн, 31-августта президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурлуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде эки өлкөнүн кызыкчылыгы тең эске алынган эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

Эки өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргызстан жана Россия Эриш-аркак жылынын бириктирилген программасынын алкагындагы иш-чараларды улантуунун маанилүүлүгү айтылды.

Мындан сырткары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жана шериктештиктин негизинде өнүгүп жаткандыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы, ошондой эле Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда медициналык адистер тобунун өз убагында жиберилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 31-августунда Россия президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоосун жолдогон.     

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн