Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков аймактык ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи

13.08.2020 19:27
1087
Сооронбай Жээнбеков аймактык ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи


Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Ош облусуна иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Ишкананын аткаруучу директору Мырзабек Жоробеков айтымында, таш кесүүчү ишкана 2019-жылдын августунда ишке киргизилген. Жергиликтүү рынокто продукцияга болгон талап чоң, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда.


Ишкананы уюштурууга 140 миллион сом, анын ичинде өздүк каражат жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясы жумшалган.


Ишкана жаңы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган, жогорку сапаттагы декоративдик  курулуш плиталарын чыгарат. Технологиялык процесс экологиялык таза жана таштандысыз өндүрүштү берет.


Сооронбай Жээнбеков аймактык ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен колдоонун маанилүүлүгүн белгилеген.


"Каржы институттары артыкчылыктуу тартипте аймактардагы өзгөчө экспортко багытталган ишканаларды колдоого багытталууда. Жеңилдетилген ресурстардын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө— деп сөзүн жыйынтыктаган мамлекет башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн