Президент Сооронбай Жээнбеков калкка социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.
Мамлекет башчы бүгүн, 21-апрелде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алган.
Жолугушууда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында калктын социалдык жактан аялуу катмарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана аларды колдоо боюнча чаралар талкууланды.
Президент түзүлгөн кырдаалда муктаж жарандарга даректүү жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөл алдына болушу керектигин эске салып жана бул багытта иштерди күчөтүүгө чакырган.
Ошондой эле түзүлгөн кырдаалда көбүрөөк жардамга муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону талаптагыдай камсыз кылууга көңүл бурган.
Мамлекет башчысы бардык муктаж жарандарды гуманитардык жардамдар менен камсыздоо боюнча иштерди тездетүү, ага тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы координацияны күчөтүү зарылдыгын белгилеген.
Ошону менен бирге платформалар аркылуу, анын ичинде заманбап санарип технологияларды колдонуп, муктаж жарандар менен кайтарым байланышты күчөтүүнүн маанисин баса белгилеген.
Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында жарандарды социалдык жактан коргоо системасы болушунча ийкемдүү болушу керектигин баса белгилөө менен, айрым калктуу пункттарга социалдык төлөмдөр өз маалында жеткирилбегени жөнүндө маалыматтарга көңүл бурганы айтылат. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында мамлекеттик социалдык кепилдиктерди алуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров республика боюнча 490 миң жаран ар кандай социалдык төлөмдөрдү аларын билдирген.
Ошондой эле маалыматта бүгүнкү күндө бардык суммалар каржыланган, төлөмдөр боюнча карыздар жок экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн