Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун 4 судьясын кызмат ордунан бошотту

25.07.2020 08:31
1381
Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун 4 судьясын кызмат ордунан бошотту


КР Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Конституциянын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Абакиров Кайсын Кадырович, Алиев Авчи Мустафаевич жана Сариев Аманбек Орозунбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана алар жергиликтүү соттун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

Экинчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбектин ыйгарым укуктары токтотулуп, жергиликтүү соттун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн