Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сооронбай Жээнбеков жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушуна барды (сүрөт)

25.07.2020 14:17
1411
Сооронбай Жээнбеков жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушуна барды (сүрөт)


Бишкек шаарында кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасы башталып, анда Сооронбай Жээнбеков курулушту баштап берген.


“Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан, биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат, — деген президент.


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматы боюнча оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат.


Бүгүнкү күндө объектиде даярдоо иштери башталды, курулушту кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландаштырылууда. Ушундай эле оорукананын курулушу Ош шаарында дагы пландаштырылган.


Сооронбай Жээнбеков оорукананын медициналык персоналы менен баарлашууда коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө стационарлардын оң ролуна токтолуп, ошентсе да жаңы ооруканаларды тургузуу зарылдыгын баса белгилеген.


Мамлекет башчысы өз маалында саламаттыкты сактоо тутуму жакшы реформаланбагандыктан, аймактарда койко-орундардын, ооруканалардын жана медициналык мекемелердин саны кыскарып кеткендигин кошумчалаган. Буга байланыштуу азыр бардык облустарда туруп калган эски имараттар менен ооруканаларды реконструкция кылуу боюнча иштер башталды.


Президент муну менен катар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула тургандыгын баса белгилеген.


Биздин жарандар заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү түрдө бир жерден ала алгандай көп багыттуу ооруканаларды курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча кызматташууга кызыкдар  инвесторлор бар, — деп жыйынтыктаган Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн