Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сот Чыңгыз Абдыраевди атып өлтүргөн милициянын мурдагы кызматкерине өкүм чыгарды

22.11.2022 13:17
529
Сот Чыңгыз Абдыраевди атып өлтүргөн милициянын мурдагы кызматкерине өкүм чыгарды

Бүгүн, 22-ноябрда Свердлов райондук соту Чыңгыз Абдыраевди атып өлтүргөн Милициянын кайгуул кызматынын мурдагы инспектору Дуулатбек уулу Жакутбекке өкүм чыгарды. 


Абдыраевди өлүмүнө байланыштуу Милициянын кайгуул кызматынын мурдагы кызматкерлери Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Базакул уулу Эламан күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Бирок сот өкүмдү  3 жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган.


Ал эми тапанчадан ок чыгарган Жакутбек Дуулатбек уулу 16 жылга эркинен ажыратылган.


Сот өкүмү арыз даттануу болбосо бир айдан кийин күчүнө кирет.


Эскерте кетсек, 2021-жылв 27-августта Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Чыңгыз Абдыраевдин жүрөк тушуна атып жиберген. Ал алган жаракатынан каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн