Теке 28, 2025
Убакыт: 16:09
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Сот Имамидин Ташовду тогуз жылга эркинен ажыратты

28.07.2025 10:08
27
Сот Имамидин Ташовду тогуз жылга эркинен ажыратты


Бишкектеги Биринчи май райондук соту ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын адвокаты Асел Аргымбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.


Ташовдун соту былтыр октябрда башталган.


Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитети Ташовду былтыр апрелде камакка алган. Атайын кызмат издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.


Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн