Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сот Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратты

05.03.2024 10:28
301
Сот Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратты


Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын баласы Аалы Аспеков Facebook`тагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, активист Мелис Аспеков массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып, №1 тергөө абагына камалган. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

Бир жылдан кийин Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылган. Аспеков үстүбүздөгү жылдын 23-майында президенттин “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы менен колониядан бошотулган.

2023-жылдын сентябрында ал кайрадан массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн