Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сот ТИМдин саясий департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиевди актады

14.07.2022 15:17
379
Сот ТИМдин саясий департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиевди актады


Сот Тышкы иштер министрлигинин саясий департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиевди актады. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына билдирди.


Анын айтымында, Жогорку Сот Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун актоо өкүмүн күчүндө калтырды. «Биздин кардар толугу менен акталды», - деп кошумчалады адвокат.


Эске салсак, Эрмек Өмүралиев 2021-жылдын март айында кармалган. Ал буга чейин транспорт милициясы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча айыпталуучу болгон.


Буга чейин Башкы прокуратура транспорт прокуратурасы менен биргеликте «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдардагы жүктөрдү тейлөө боюнча чет элдик компанияга жеңилдиктерди берүүнүн системалуу схемасын ачыктаган. Мамлекетке 139 миллион 598 миң 681 сом зыян келтирилген.


Эрмек Өмүралиев буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору болуп иштеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн