Бугу 01, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Сот “Золотые пескиде” 23 жаштагы жигитти өлтүрүүгө айыпталгандарга карата өкүм чыгарды

Сот “Золотые пескиде” 23 жаштагы жигитти өлтүрүүгө айыпталгандарга карата өкүм чыгарды


Ысык-Көл райондук соту "Золотые пески" пансионатында адам өлтүргөн деп айыпталган төрт адамга карата өкүм чыгарды.


Облустук соттун маалыматына караганда, колго түшкөн төрт шектүүнүн ар бири (Ж. Р. К, Б. Б. Т, Э. А. К. жана А.У.А) 15 жылга эркинен ажыратылды.


Соттун өкүмү менен бардык айыпталуучулардан 180 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым өндүрүлгөн. Мындан тышкары, алардын ар бири маркумдун жакындарына 250 миң сомдон моралдык чыгымды төлөп бериши керек.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын август айында социалдык тармактарда "Золотые пески" пансионатынын пляжында мушташтан 23 жаштагы жигит каза болгон деген билдирүү тараган. Милиция анын талма оорусу кармап калганын билдирген. Бирок маркумдун достору анын талма оорусу жоктугун айтышып, акыйкат иликтөөнү талап кылышкан. Тергөө иштерин президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алгандан кийин милиция төрт шектүүнү кармаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн