Чын курандын 16, 2025
Убакыт: 01:35
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Сот департаменти өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

14.04.2025 18:05
67
Сот департаменти өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды


Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Сот департаментинин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү.


Жогорку соттон билдиришкендей, коллегиянын ишине Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, директордун орун басарлары Канатбек Осмонов  жана Джылдыз Рыскулова,  облустук башкармалыктардын башчылары, бөлүм башчылар катышышты.


Медербек Сатыев сот тутумуна болгон ишенимди жогорулатуу, сот актыларынын аткарылышынан көз каранды экендигин белгиледи.


“Биздин ишибиздин негизги милдеттери финансы каражаттарын натыйжалуу өздөштүрүү, материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу, ошондой эле сот актыларын өз убагында жана толук аткаруу.


Биздин ишибиздин ар бир күнү — бул коомдун адилеттүүлүккө болгон ишенимине салым экенин эстен чыгарбоо керек.


Бүгүн уга турган отчет - жыйынтыктарды чыгарууга гана эмес, биздин ишти андан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга да багытталышы керек.


Сиздердин жоопкерчилигиңиздер биздин тутумубуздун иштеши үчүн негиз түзөт жана биз мындан ары да өнүгүүнү, жаңы бийиктиктерге жетүүнү, жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөнү улантабыз деп ишенем”, - деп белгиледи Медербек Сатыев.


Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Сот департаментинин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары жана бөлүм башчылары, ошондой эле "Адилет сот" маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин директору Бек Иманалиев жана  "Фемида" пансионатынын директору Талантбек Өмүркуловдор доклад жасашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн