Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сот элиталык интимдик кызмат тармагынын уюштуруучусун күнөөлүү деп тапты

27.02.2024 16:03
232
Сот элиталык интимдик кызмат тармагынын уюштуруучусун күнөөлүү деп тапты


Октябрь райондук соту элиталык интимдик кызмат көрсөткөн интернет-группалардын администратору кыргызстандык И.К.Дны күнөөлүү деп тапты.


Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ал Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүндө (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.


Ал мамлекетке 100 миң сом айыпка жыгылган. И.К.Дга карата алдын баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тууралуу тил катка өзгөртүлдү.


Эске салсак, 13-февралда УКМК тарабынан төлөмгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык коштоо жана интимдик кызмат көрсөтүүнүн уюштуруучусу - кыргызстандык И.К.Д кармалганы белгилүү болгон. Комитеттин маалыматы боюнча, ал 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана TikTok тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү инсандардан жана блоггерлерден турган онлайн топтордун тармагын уюштурган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн