14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызынын негизинде ымыркайды таштанды челекке ыргыткан 21 жаштагы кыздын баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен бошотулган. Учурда ал ооруканада дарыланууда.
Эске салсак, 8-ноябрь күнү кечинде милицияга Лев Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы төрөлгөн бала таштанды челекке оролгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн