Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Социалдык товарлардын бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу кирди

17.03.2020 09:46
732
Социалдык товарлардын бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу кирди


Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.


Калк үчүн социалдык маанидеги азык-түлүктүн экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргызстандын ички рыногундагы бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси камтылган социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. 


Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 


Бул чечим Конституциянын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.


Мамлекеттик жөнгө салуу ун, нан, сүт, суу май, каймак май, шекер, күрүч, макарон, тоок жумурткасы жана картошканын наркына тийиштүү болот. Чектөө ушул токтом күчүнө киргенден баштап 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө киргизилди.


Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, нарктын максималдуу деңгээлин аныктоо тапшырмасы берилди. 


Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички рыногундагы убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси Өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн