Теке 18, 2025
Убакыт: 03:11
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.111
1.135

Соцконтракт: Баткен районунун 113 тургунуна 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

17.07.2025 16:44
28
Соцконтракт: Баткен районунун 113 тургунуна 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды


Бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен районунун 113 тургунуна 150 миң сомдук социалдык контракттын сертификаттарын тапшырды. 


Облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, быйыл облуска 2054 квота бөлүнгөн. Жыл башынан бери 253 үй-бүлөгө сертификаттарын алышты. 


Иш-чарада Айбек Шаменов билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 2025-жылдан баштап социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлгөн. 


Социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу максатында Баткен облусунда 3 жыл ичинде жалпысынан 4 186 үй бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алышты. мунун натыйжасында 4 621 жумуш оруну түзүлгөн. Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, соода-сатык жана башка тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө.


Ишкердигин ийгиликтүү ишке ашырган 3 үй-бүлөгө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн