Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сотто Жантөрө Сатыбалдиев 20 млн грант боюнча чогулуштун протоколу жоголгонун айтты

19.03.2020 10:17
1112
Сотто Жантөрө Сатыбалдиев 20 млн грант боюнча чогулуштун протоколу жоголгонун айтты


Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча сот отуруму өттү. Анда айыпталуучу катары Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова өтүүдө.  


Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сотко кайрылып, 20 миллион грант боюнча чогулуштун протоколу жоголгонун айтты. 


"Өтө маанилүү эмес деп эсептелинген чогулуштар боюнча документтер сакталыптыр. Бирок 20 млн грант боюнча протокол жоголуп кеткен. Буга кимдир-бирөө кызыктар болгон. Бирок качандыр бир убакта мен ал протоколду табам", - деди Сатыбалдиев.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн