Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Соттук иштердин онлайн өтүп жатканына нааразы тараптар болгон жок, - судья Термечиков

05.08.2020 13:23
1158
Соттук иштердин онлайн өтүп жатканына нааразы тараптар болгон жок, - судья Термечиков


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту акыркы бир айдын ичинде 20га жакын ишти видеоконференция байланышы аркылуу караган. Бул тууралуу райондук соттун судьясы Мирлан Термечиков КТРКга берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, тараптардын мындай процесстерге нааразычылыктары болгон эмес. Тескерисинче, бул сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ максатында колдонулуп жатат.


“Сот отурумдарын аралыктан өткөрүү үчүн мекемедеги техникалык мүмкүнчүлүк жол берет. Бул аракеттер айыпталуучуларды соттук отурумдарга атайын транспорттор менен ташуу жана кайтаруу маселелериндеги түйшүктөрдү азайтып, аларга каралган материалдык чыгымдарды кыскартууга да шарт түзөт”, - деп айтты Термечиков.


Жогорку соттун Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштелип чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн