Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Спорт өнүгүп жатат. Садыр Жапаров Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады

11.04.2023 11:08
275
Спорт өнүгүп жатат. Садыр Жапаров Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады.


"Кыргыз балбандары мыкты күрөшүп дайыма алдыңкы орундарды алып келет. 


Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. 


Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков.


Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. 


Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын!",- деди президент.


Садыр Жапаров ошондой алдыда килем үстүнө чыга турган балбандарга ийгилик каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн