Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Стамбулда 28 жаштагы кыргыз жаранын мамилелеш адамы анын бетин, мойнун кескен

31.01.2022 12:50
1644
Стамбулда 28 жаштагы кыргыз жаранын мамилелеш адамы анын бетин, мойнун  кескен

Түркияда Кыргызстандын 28 жаштагы жараны Айгүл (аты өзгөртүлдү, П.Т.) моюнунан жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык «Хүрриет» маалымат агенттиги жазды.


Окуя 17-январь күнү кечинде Стамбул шаарындагы мейманканада болгон. Айгүлдүн айтымында, ага 40 жаштагы Кенан (аты өзгөртүлдү, К.Т.) кол салган. Ал Кенанды 3 айдан бери тааный турганын, ортодо сүйүү мамилеси бар болчу экенин билдирди.


Ошондой эле окуя болгон күнү Кенан менен урушуп кетип, жуунганы кеткенин, ошо учурда Кенан сыранын бөтөлкөсү менен аны башка чаап, бөтөлкөнүн сыныгы менен моюнун кескенин айтты.


Айгүлдүн пикири боюнча, Кенан ага үйлөнгүсү келген, бирок сунушун четке кагып келгендиктен уруш чыгып турган.


Полиция Кенанды кармады. Бирок ал коюлган күнөөнү четке кагууда. Өзүнүн айтымында, Айгүл суицидге барган. Ал Айгүл менен көбүнчө мейманканада жолугуп келгенин, окуя болгон күнү сүйүктүүсү мас болчу экенин жана кызганычтан улам уруш чыкканын билдирди.


Кенандын айтуусу боюнча, кайым айтышуудан кийин Айгүл сыра куюлган стакан менен жуунучу жайга кирип кеткен, андан кийин стакандын сынганын уккан. Жуунучу жайга киргенде Айгүлдүн колундагы жаракаттарды көргөн. Ал Айгүлдүн колунан агып жаткан канды токтотууга аракет кылган, бирок сүйүктүүсү өзүнө жаракат келтирүүнү уланта берген. Ал өзү да жаракат алганын белгилеп, жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Айгүлдүн үстүнөн сотко арызданууга даяр экенин айтты.


Тергөө уланып жатат.


Булак: "Баракелде"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн