Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери Түркиянын чакыруусу менен кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу TRT Haber билдирди.
Бүгүн, 27-сентябрда Стамбулда өтө турган жыйында Афганистандагы акыркы кырдаал талкууланат.
Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлери кезексиз жыйыны Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун демилгеси менен өтүүдө.
Жыйынга Түрк Кеңешине мүчө, өлкөлөр; Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле байкоочу катары Венгриянын өкүлү катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн