Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Стамбулда Түрк Мамлекеттеринин Кеңешинин жаңы штаб-квартирасы ачылды

12.11.2021 15:42
673
Стамбулда Түрк Мамлекеттеринин Кеңешинин жаңы штаб-квартирасы ачылды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин (ТМКК) Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.


Салтанаттуу иш-чара Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.


Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.


Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн