13-ноябрда Стамбул шаарындагы Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан каза тапкандардын жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КРнын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу кабарлады.
Маалыматка ылайык, жардыруудан 6 адам каза болуп, жаракат алган жарандардын саны 81ге жеткен. Алардын 39у амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай терракт аял киши тарабынан жасалганын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн