Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Стамбулду кар каптап, дүйнөдөгү эң чоң аэропорттордун бири ишин убактылуу токтотту

25.01.2022 08:04
1071
Стамбулду кар каптап, дүйнөдөгү эң чоң аэропорттордун бири ишин убактылуу токтотту

Түркияда быйыл кышында адаттан тыш кар жаашы байкалууда. Алгач тоолуу аймактарда жааган кар эми деңиз жээктериндеги аймактарды да каптады.

24-январда Стамбул шаарында жааган кардан улам Стамбулдагы аэропорт убактылуу ишин токтотту.


Карды тазалоо иштери 130 кар тазалоочу техника жана 200 кызматкер тарабынан жүргүзүлүүдө. Ага карабай, аэропорт жабык бойдон калууда.

Стамбулдагы аэропорт 25-январь саат 13:00гө чейин учак кабыл албайт жана учурабайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн