Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Стационарда иштеп жатканына 10 күн болгон Медакадемиянын 22 жаштагы студенти каза болду

14.07.2020 12:11
1549
Стационарда иштеп жатканына 10 күн болгон Медакадемиянын 22 жаштагы студенти каза болду


Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде иштегенине 10 күн болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 22 жаштагы студенти каза болду. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.


Маалыматка караганда, биринчи жардамды көрсөтүү үчүн тийиштүү каражаттар жок болгонуна байланыштуу тажрыйбалуу реаниматологдор эч нерсе кыла алышкан эмес. Анын өлүмүнүн башкы себеби катары бейтаптарды тейлеп жүрүп чарчап-чаалыгып калганы болжолдонууда. Учурда маркумдун денеси тийиштүү экспертизалардан өткөрүү үчүн байкоого жөнөтүлгөн.


М.А.З. аттуу медайым Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсун жаңы эле бүткөн жана биз иштеп жаткан стационарга келгенине 10 эле күн болгон. Кечээ, 13-июлда саат 19:30 чамасында каза болуп калды. Реаниматолог бар болчу, бирок тийиштүү каражаттар жок болуп калды, биз күндүзгү жана түнкү стационар катары иштеп жатабыз. Мындан улам бизде тийиштүү дары-дармектер менен медициналык шаймандар жок. Ооруканадан чакырганыбызда алгач гинекологиялык бөлүмдүн тез жардам кызматы келип кетишти, реанимация болсо каза болуп калгандан кийин келди. Ал эми саламаттыгы тууралуу эч кимге деле эч нерсе айткан эмес, айтканды аткарып, өзү менен өзү болчу. Жоопкерчиликти ким тартары белгисиз, себеби №6 оорукана менен КММА жоопкерчиликти бири-бирине түртүп жатат. Ал эми эмнеден улам каза болгону азырынча аныктала элек”, - деди булак.

 

Так эмес маалыматтар боюнча, медайым Ысык-Ата районунун Юрьевка айылынын тургуну. Ал үйүндө төрт кыздын экинчиси болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн