Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 12:49
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Стоматология борборунда үч жашар кыздын каза болушу боюнча иш козголду

22.12.2023 13:08
463
Стоматология борборунда үч жашар кыздын каза болушу боюнча иш козголду


КММА медициналык борборунда бөбөктүн чарчап калышы боюнча кылмыш иши козголгонун Октябрь РИИБи билдирди.


Маалыматта тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси ("Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткаруу") боюнча иш козгогону айтылат.


"Айыпталуучулардын аракетине экспертизанын жыйынтыгы менен баа берилет", — дешти милициядан.


Эскерте кетсек, буга чейин КММА медициналык борборунда наркоздон кийин үч жашар кыздын чарчап калганы белгилүү болгон. Наристенин атасы кызын аталган борборго тишин дарылатуу үчүн алып келгенин айтып берген. Бирок жалпы наркоз берилгенден кийин бала чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги факт боюнча териштирүү баштады. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн