Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Султан Ибраимовдун каргашалуу каза болгондугунун 42 жылдыгына арналат

25.01.2023 14:57
184
Султан Ибраимовдун каргашалуу каза болгондугунун 42 жылдыгына арналат


Бул айкын чындыктын келип чыгышына “Улуу Тоолор” басмаканасынан жакында эле жарыкка чыккан, али сыясы да кургай элек “Тагдыр бурулуштары” китебинен алынган далилдер себеп болду. Китептин автору СССРдин КГБ кызматында 20 жыл талыкпай эмгектенген, Кыргыз мамлекеттик университетинен жана Ю.В.Андропов атындагы атайын жогорку окуу жайдан билим алган, чет өлкөнүн атайын кызматынын агентинин жүзүн ачкан таланттуу чекист, бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси, КГБнын отставкадагы полковниги Жеңишбек Имашевич Качикеев.


Советтик, партиялык жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, Кыргыз Республикасынын чыгаан уулу, эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Кызыл Туу ордендеринин жана бир канча медалдардын ээси, 1978-жылдын сентябрь айынан 1980-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин (Совмин) председатели Султан Ибраимович Ибраимовдун 1980-жылдын 3-декабрында түнкү саат 22:30да Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда болгон табышмактуу өлүмүнүн бети толук ачыкталганы тууралуу болмокчу.


Ушул күнгө чейин эл арасында, айрыкча советтик доордо мамлекеттик чоң кызматтарды ээлеген жана бүгүнкү күндө 50 жаштан ашкан кызматкерлердин аң-сезиминде Султан Ибраимовдун атак-даңкы Кыргызстанда эле эмес союзга аттын кашкасындай таанымал болуп калган эле. Кыргыз мамлекетин 24 жыл бою тынымсыз башкарып келген жетекчибиз Турдакун Усубалиевди кыргыз эли жана анын интеллигенттери “Султан Ибраимовдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүнүн башында турган” деген сөздөр бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Бул каргашалуу өлүмдө раматылык Турдакун Усубалиев өзү айтып кеткендей, “мен өз элим үчүн эч кимге кыянаттык кылбай ак эмгектендим” дегени акыры ырасталды десек болот. Бул каргашалуу окуя жөнүндө Бактыбек Максүтовдун “Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевич Усубалиев” деген китебинин 119-бетиндеги “Султан Ибраимовду ким өлтүргөн?” аттуу макаласында Т.Усубалиевдин өлүмгө тийешеси жок экендиги так жазылган экен. Ал китеп 2020- жылы жарыкка чыккан. Ошондуктан, урматтуу кыргыз элим, өсүп келе жаткан муундарыбыз үчүн тарыхта кала турган айкын чындыкты ачык айтууну үйрөнөлү.


“Ушул чындыкты Турдакун Усубалиевдин тирүү кезинде өзүнө айта албаганыма аябай өкүнөм” дейт белгилүү чекист Жеңишбек Имашович. “Мына эми чындыкты бүткүл кыргыз калкыма, окурмандарга тегиз гезит бетине жарыялап коюуну туура көрдүм”. Бул макаламды чыныгы мекен үчүн, эл үчүн ак эмгектенип, о дүйнөгө кетишкен уулдардын арбагы ыраазы болуп, бейиштен орун алышына жана дайыма сөөктөрү агарып турсун деген ниет менен жарыя кылдым.


Анда эмесе толугураак элге түшүнүктүү болсун үчүн Качикеев Жеңишбек Имаш уулунун “Тагдыр бурулуштары” китебинин 109- беттен 115-бетке чейин өз оозу менен айтып, өз колу менен жазган баяндамасынан үзүндү берели.


“1980-жылдары мен Киров КГБ бөлүмүндө Киров, Чаткал, Ленинполь, Манас райондорун тейлеп калдым. Мындайча айтканда, төрт райкомдун катчысынын, төрт аткаруу комитетинин төрагасынын сый-урматын көрүп, алар менен алакалаш болуп, абдан жакшы маанайда жылуу сезим менен байланышып жүрдүк. Ал учурда чын эле КГБнын аброю абдан зор болчу. Мен өзүм райкомдун бюро мүчөсүмүн, бизди аябай сыйлашчу, же «коркушчу». Бул сөздү эмнеге тырмакчага алып койдум? Себеби, алардын ичип-жегени бар, кээ бири пара алышат, бирок бүгүнкүдөй миллиондор эмес, көп болсо бир тай же кой, костюм-шымга ыраазы болушат. А бизге чоңдорубуз Москвадан баштап чогулуш сайын көрсөтмө беришчү «партиялык, советтик кызматкерлерге тийбегиле, алар жөнүндө маалымат албагыла» деп, а биз «өздөрү эле коркуп жатпайбы» десек, «мейли, корко берсин» деп күлүп коюшчу.


1980-жылдын 4-декабрында таңкы саат 5:00 чамасында дежурный келип мени ойготуп, «тез арада конторго келсин, оперативдүү телефондон борборго чалсын деп жатат» деди. Мен байланышсам, “түндө Министрлер Советинин төрагасы Султан Ибраимовду атып кетиптир, кылмышкерди табуу иш-чарасы башталды” деп эки сааттан кийин сүрөтү (фоторобот) келди. Мен кызматкерлерди чогултуп, тапшырма бердим, алар ошого ылайык өздөрүнүн жашыруун жардамчыларына тапшырма беришти. Биздин милдет Жамбыл КГБ башкармалыгы менен бирдикте темир жол станциялардан ким поездге отурду, ким түштү – ушуларды билишибиз керек эле. Албетте, агентуранын баарына сүрөт боюнча ориентир бериш керек эле. Бирок агенттерди тез арада графиктен тышкары табыш өтө оор, себеби алар өтө жашыруун адамдар болгондуктан, иштеген же жашаган жеринен өтө шашылыш учурларда гана өзгөчө вариант менен таба алабыз, же болбосо аларды расшифровка кылып алуу коркунучу бар. Иши кылып, чакчелекейибиз чыгып, күнү-түнү менен абдан катуу иштей баштадык. Күндө жогору жактан жаңы тапшырмалар келет. Эми Казакстандын Луговой станциясынан Жамбылга чейинки аралыкта поездге ким кирди, ким чыкты – ошолорду талдап билишибиз керек болду. Кээ бир адамдар билет албай эле проводниктерге акчасын төлөп түшүшү мүмкүн, аларды билиш үчүн темир жол кызматкерлеринин арасынан ишеничтүү адамдарды издей баштадык. Агенттерибизди вагонго отургузуп, Москва–Фрунзеге арыбери каттатып, вагондогуларды изилдедик. Бирок, тыянак чыкпады. Көп узабай эле бир айдан кийин мени Чолпон-Атага командировкага жөнөтүштү. Келсем, бүтүндөй Советтер Союзунан – Калининграддан Владивостокко чейин КГБ, ИИМ, прокуратуранын менменсинген тажрыйбалуу тергөөчүлөрү, оперкызматкерлери, генералдар чогулуп, иш кызуу жүрүп жаткан экен. Киши көп. Биз ошол Ибраимовду аткан мамлекеттик резиденцияга жайгаштык, штаб түзүлдү. Күнүгө кечке чейин иштейбиз, кечинде штабда алган маалыматтар боюнча отчет беребиз. А мага окшогон начальниктерге ал жерден өзүнчө топ түзүп, карамагыма жети кызматкерди берди. Маалымат абдан ыкчам, көп алынып жатты, үч божомол версия менен иштеп жаттык. Жалпы ишти Москвадан келген генералдык прокуратура менен КГБнын генералдары көзөмөлдөп башкарып турду. Ар бир маанилүү маалыматка өзүнчө карточка түзүлүп, күмөн саналган эки миңге жакын адамдарды аягына чейин текшерип жаттык. Иш кайнап, күндөн-күнгө күчөп баратты. Эми ыкчам маалыматтар биздин эле Кыргызстандан эмес, бүткүл СССРден келип жатты, себеби, бул иш КГБнын статьясына туш келип, «терракт» деген баа берилди. Ал убакта бул чоң сенсация болгон. Азыркы мезгилде дүйнөнүн ар булуң-бурчунан күн сайын эмес, саат сайын жардыруулар, өлтүрүүлөр болуп жатпайбы.


Ошентип Ибраимовдун өлүмү боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатты. Чып этме мылтык менен атылган соң көңүлдү ошого бурдук эле, андай мылтыктар (мелкашка) аябай көп экен, Чолпон-Ата шаарынан эле эки миң беш жүз даана чып этме алынды. Дагы бир мисал катары айта кетейин, Киров районуна караштуу Молотов айылында болгону 130 үй-бүлө жашайт экен, ошол кыштактан эле 155 чып этме мылтык алынды, башкача айтканда, бир үй-бүлөдө бирден же экиден мылтык бар экен.


Иштин жүрүшүндө Ленинград (Санкт-Петербург) шаарынан согуш тик учактары алып келинди, ичи бүт аппаратура менен жабдылган. Көлдүн 70 метрге чейинки тереңдигинде жаткан буюмдарды көрүп, аны водолаздар алып чыгып жатты, көл түбүнөн көптөгөн тапанча, ар түрдүү куралдар табылды. Андан тышкары, агентура (жашыруун жардамчылар) ж.б. булактар аркылуу эң көп криминалдык маалыматтар түшүп жатты. Апийим айдалбай калганына сегиз жыл болсо да, аны мурда саткандардын, кызыл кулактардын мыйзамсыз баңгизаттар менен алектенгендердин изине түшө баштадык. Мисалы, Өрүктү айылынын токоюна көлдүн үстүнөн кайык менен сүзүп барып, 70 км аралыктан көл жээктеги чытырман токойдун арасында жашынып, бир канча күн күтүп, анан апийим сатып алып кеткендер жөнүндө маалымат алдык. Ошол кездеги алыпсатарлардын үйүнөн көптөгөн чоң көлөмдөгү бриллианттар табылып, мамлекетке алынып, ээси бир канча жылга соттолуп, кесилип кетти. Бриллиантты тамдын аркасына көмүп коюптур, оперативдик жол менен таптык. Москвадан бриллиант боюнча кесипкөй адамды аларды баалоого чакырып келдик. Ал еврей киши экен, жашыруун сырларды айтпады. Биз, опертоптордун жетекчилери чогулушта «болжол менен баасы канча болот?» десек, «силердин Чолпон-Ата шаарын баардык мүлкүн, эли менен сатып алса болот» деп жооп берди. Бриллианттарды өзүнчө күзөт менен самолетко салып, Москвага жөнөттүк.


Дагы бир окуяны жаза кетейин, бир күнү кадимкидей эле кечки чогулушка отчет берүүгө жыйналдык, залга генералдар киргенде «товарищи офицеры!» деген команда берилет эмеспи, биз ал сөздү кайра кайталамайынча аскер уставынын негизинде отурууга акыбыз жок. Бизди отургузбай туруп эле Москвадан келген генерал «Капитан Качикеев» деди, «я» деп жооп берсем, «идите в распоряжение генерала Голикова» деди. Мен чыксам, ал күтүп туруптур, «өзүң тандап, жаныңа каалаган офицерлерден ал. Долинкада, көл жээкте бир пансионатта куралчан адам жашынып жатат, ошону тирүү кармап келесиң» деди. Мен «есть!» деп, жаныма Рыскулов Болот деген биздин жаш офицерди, анан Москвадан келген кылмыш ишин изилдөөнүн 5 адамдан турган күчтүү даярдыктан өткөн ыкчам тобун алдым. Айылга бардык, бизге маалымат берген адам көл жээкте күтүп туруптур. Саат кечки 9 болуп, караңгы кирип калган, аны менен сүйлөшүп, кайсы коттеджде экенин билдим. Бир жаман жери, кичине тоңуп калган кыламык кар бар эле, адам басканда кыртылдап үн чыгат, анүстүнө пансионатта киши жок кез, сезон эмес. План түздүм, үйдүн ичинде жарык күйүп, терезенин тушунда адамдын сөлөкөтү көрүнүп турат. Үйдү курчадык, терезеден секирип кетпесин деп тушуна бирден, кээ бир жерге экиден адам койдум да, жакындап барсак, Кудай жалгап, эшик ачык экен, кирип барып, «колуңду көтөр!» деп буйрук берип, бир-эки секундда биздин жигиттер колун толгоп баса калды. Албетте, мен төрт кишиден үчүнчү болуп кирдим, жан таттуу эмеспи! Жолдо келе жатканда балдарымды ойлоп, “каза болсом алар эмне болот?” деп коркуп келгенимди жашырбайм. Көрсө, биз кармаган адам түрмөдөн качып жүргөн киши экен, улуту орус ойношуна келиптир. Кудай жалгап, ал аял биз келердин астында «мен кошуналардан сүт, жумуртка сурап келейин» деп чыгып кетиптир. Ошол себептен эшик ачык, кар кычыраса, “тигил аял басып жүрөт” деген ой менен бейкапар ордунда китеп окуп отура бериптир. Же болбосо тапанчасы дубалда илинип турган курткасында дүрмөттөлүү экен, чынында бизди Кудай сактады десек болот.


Убакыт өтүп жатты, Султан Ибраимовду өлтүргөндөр боюнча божомолдун баарын текшерип, күмөн саналган адамдардын баары четинен такталып, азайып калды. Апрель айы келди. Менин тобум оперативдүү маалымат алдык. “Смагин деген Чолпон-Атада жашаган 74 жаштагы адамдын жүрүш-турушу өзгөрдү, баласы дайынсыз жок. Өзү абдан кыжалат болуп, кыялы мурдагыдан башкача болуп калды” деген. Мен оперативдүү тобум менен аябай дыкаттык менен даярданып, анын тегерегинен, тааныштарынан жашыруун киши издей баштадым. Ылайыктуусун таап, бизге жашыруун кызмат кылууга даярдадым. Кыскасы, «ишенимдүү адамдан» агенттикке өткөрүп, колунан мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө кат алдым. Анан аны даярдап, кантип Смагин менен кезигиш керек, кандай шылтоо менен аны сөзгө тартыш керек – бүт баарын бышыктап, аныктап, план боюнча тыянакка келдик. Анан Смагиндин атасы менен менин кишим жолуга баштады, байланыш ойдогудай болду, керектүү көп маалыматтар биринин артынан бири түшө баштады.


Иштин баарын менин жетекчилерим – генералдар саат сайын көзөмөлдөп турушту. Бир канча убакыт ыкчам иштеп, оперативдүү техника колдонуп, анан жыйынтыктап, анализдеп келгенде, Султан Ибраимовду ошонун баласы, 1957-жылы туулган Смагин Александрдын атканы чындыкка 90% жакындады. Бул убакта прокуратура, милиция органдары дагы биз менен катарлаш иш алпарып жатышкан. Смагиндерге иш козголду, сурак ачык жүрө баштады. Менин тобум чогулган маалыматтарды штабга – тергөөчүгө өткөрүп бердик. Кийин Смагиндин Ибраимовду атканы толук далилденди, атасы мылтыкты кайда катканын мойнуна алды. Атасы «за укрывательство» (жашыргандыгы үчүн) беш жылга кесилди. Атасынын иниси дагы «Белка» мылтыгы Смагин Александрдыкы экенин, экөө дайыма тоого чыгып аңчылык кылып, бута атып машыккандарын толуктап айтып, көрсөтмө берди.


Бул окуя боюнча акыркы мезгилдерде ар кандай сөз болуп, далилденбеген ой жоруулар менен коомго туура эмес маалыматтар таркатылып жаткан. «Турдакун Усубалиев “ордумду тартып алат” деп коркконунан Ибраимовду аттырып салды» деген ушак-айың кептер эмдигиче эски саясый кызматкерлердин оозунан биринен-бирине ооп көчүп жүрөт. Чынында андай эмес! Т.Усубалиевдин бул өлүмгө бир грамм да тийешеси жок. Элге түшүнүктүү болсун үчүн толугураак айта кетейин.


Смагин Александр атасы экөө ошол күнү эртеден кечке ГАЗ-21 «Волга» автомашинасынын түтүн чыгуучу түтүгүн ширетип оңдошот. Кечки тамакта коньякка апийим кошуп ичишет. Бул аларда мурдатан келаткан адат экен. Курсак тойгондон кийин күүгүм киргенде «ата, мен серүүндөп келейин» деп жашыл курткасын кийип, койнуна мылтыгын катып, Чолпон-Ата шаарынын борборун көздөй басат, ал жерден ресторанга кирип, дагы бир рюмка коньяк ичип, кайра үйүн көздөй жөнөйт. Тротуар менен келе жатса, жолдун аркы бетинде “Чолпон-Ата” кинотеатрынын алдында жарык тийген жерде эки милиционер жана бир жөнөкөй жаран турган. Николай аларды атат, биринчисине тийбей калат. Тигилер элеңдеп, мылтыктын үнү кайдан чыкканын түшүнбөйт, экинчи жолу атканда Коңуратов деген жарандын башына ок тийип жыгылат. Жанында турган милиционерлер ок кайдан чыкканын билбей, мотоциклге отуруп, РИИБге барып, чоңдоруна доклад кылышат. Ал аңгыча Смагин Коңуратовдун ошол жерде турган «Москвич» автомашинасына отуруп, от алдырайын десе, Коңуратовдун аялы келип калат. Колунда мылтыгы бар чоочун орус кишинин машинада отурганын, колундагы мылтыгын көрүп кыйкыра баштаганда, Смагин машинадан чыгып, көлдү көздөй айылды аралап жөнөйт. Резиденциянын ичине кирип, Ибраимов жаткан корпуска барат. Корпустун айнек дубалы толугу менен ачылат. Ал жерде Султан Ибраимовдун шоферу тамеки тартып отурган болот. Кирип барып, андан ачкыч сурайт, ал бербей качып чыгайын дегенде, аны да чыкыйга атат (мурда Смагин Фрунзеде Совминдин гаражында ашканада иштептир. Ошондон улам айдоочуну тааныйт болуш керек, себеби ага далил, экөө экспертизанын жыйынтыгында бир канча сигарет тартышыптыр). Айдоочу өлгөндөн кийин ачкычты издеп, үйдүн экинчи кабатына чыгат, ал жерде Ибраимов уктап жаткан болот, аны да башка атат. «Чайка» автомашинасынын ачкычын алып, телефондордун зымдарын үзүп, эмнегедир журналдар жаткан үстөлдүн жанында мылтыгын тизесине туурасынан коюп отурса, мылтыктын үнүн угуп ойгонуп, башка уктоочу бөлмөдөн Ибраимовдун аялы чыгып, тиги орусту көрөт да, коркуп кетип, кайра небересине кирет. Ал небереси менен өзүнчө бөлмөдө жаткан экен. Андан кийин Смагин сыртка чыгып «Чайканы» жүргүзөйүн десе, от албайт, себеби «секрети» бар экен. Аңгыча ызычуу болуп, органдын кишилери көтөрүлүп, издөө амалдары башталат. А Смагин болсо жөө көл жээктеп барып, резиденциянын күн батыш жагындагы кичинекей көлчөдөн кайыкка түшүп кетет. Ошол жерден иттер изин таппай калып жатты.


Апийимге, коньякка мас неме кыларын кылып коюп, үйүнө келип уктап калат. Эртең менен эрте атасы бадага уй кошоюн деп барса, милициялар элге фоторобот көрсөтүп, таратып, элден сурамжылап жүрүптүр. Баласына окшош экендигин, жашыл куртка экенин билгенден кийин үйүнө келип, баласын ойготуп, «сен өлтүрдүңбү?» деп сураса, баласы «ооба» дейт. Баласына башка кийим кийгизип, чөнтөгүнө эки жүз рубль салып, «Москвич» машинасы менен качырып жиберет. Мылтыгын алыс жерге, суу түтүгүнүн астына катат. Баласы Фрунзе шаарына келип, поездге отуруп, ошол эле күнү Кыргызстандын аймагынан чыгып кетет. Москвага бара жатканда өзүн элден башкача алып жүргөндүгү, жеткенче мас болуп, ар кимди сыйлап баргандыгы жөнүндө Москвага чейин чогуу арак ичип баргандар, күбөлөр кийин тергөөчүгө толук айтып беришти.


Александр Смагин Москвада эжесиникинде бир айча жашап жүргөндөн кийин, эжеси киши өлтүргөнүн билген соң аны үйүнөн кууп жиберет. Дагы 3-4 ай Москвада ар кайсы жакта жүрүп, кайра Кыргызстанга келе жатканда электричканын ичинде Куйбышев облусунун Чапаевск шаарында өзүнүн моюн орогучуна муунуп өлөт. Экспертиза өзү асынганын 100% аныктап далилдейт. Ошону менен бирге көргөн күбөлөр суракта так факт менен көрсөтмө берип, экспертизанын жыйынтыгы бышыкталат.


Александр Смагин өзү психологиялык жактан учетто турчу экен. «Врожденная нервно-психическая неустойчивость» деген диагноз менен Советтик Армиядан мөөнөтүнөн мурда бошоп келиптир. Кийин тинтүү учурунда үйүнөн кат чыккан, «мага жакпаган адамдардын баарын өлтүрөм» деп жазыптыр. Ал милиционерлерди кичинекейинен жек көрчү экен.


Менин Смагин Александр жөнүндө айткандарымдын баарына танып кеткис далилдер төмөнкүлөр болду деген жыйынтыкка келдик: Александр Смагиндин ар бир отурган, кармаган жеринде, резиденциядагы отургучтарда, эшиктин, терезенин кашегинде, «Москвичте», «Чайкада», баягы өзүнүн ГАЗ-21 машинасын ширеткенде кийимдеринде темирдин майда, көзгө көрүнбөгөн ширетиндилери порошок түрүндө калыптыр. Отургучтарды эле эмес, терезенин кашегин да кесип, бөлүкчөсүн самолетко салып, Москвага лабораторияга изилдөөгө жибердик. Экспертизанын баары бирибирине дал келген туура жыйынтык чыгарып, тергөө иштерине алардын бүтүмдөрү тиркелди. Кийин мылтыгы, курткасы, шымы табылганда, аларда да ширетиндинин чаңдары (порошок) бар болуп чыкты. Мындан ашык далилдин кереги жок эле, кылмыш иши 100% ачылды. Чогулган документтер 19 том болду, азыр КГБ архивинде. Бирден көчүрмөсү ИИМ, прокуратуранын архивинде окуу куралы катары сакталып жатат.


Бул жерде кайталап айтып койчу нерсе, “Султан Ибраимов заказ менен өлтүрүлдү” деген туура эмес. Мында Турдакун Усубалиевдин кыпындай тийешеси жок. Сайда саны жок, кем акыл, шизофреник (жиндичалыш) 1957-жылы туулган Смагин Александр деген келесоонун кылган иши болду.


Урматтуу окурман! Мына болгон далил менен бардык чындыкты ачык айттым. Эми Турдакун Усубалиевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, арбагы ыраазы болсун! Ал киши бул дүйнөдөн таптаза кетти” деди Жеңишбек Качикеев.


Маектешкен, коомдук ишмер Жапаркул Тургуналиев

Бишкек шаары, 14-январь 2023-жыл

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн