Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:01
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Султан Каримовго “Ата Мекен” партиясы да кол сунабы?

28.12.2020 10:44
1111
Султан Каримовго “Ата Мекен” партиясы да кол сунабы?


 

Кыргыз Эл артисти Султан Каримов жардамга муктаж болуп, коомчулуктун камкордугуна зар болуп турат. Атактуу маданият өкүлүнө Түркияда тезинен операция жасатуу керек болуп жатканы кабарланууда.


Дарыгерлер 2015-жылы эле Султан Каримовго кант диабети, уйку безинин катуу панкреатит, оор формадагы бөйрөк пиелонефрити, полиартрит жана артроз, сол тизе муунунун деформациясы, жүрөк жетишсиздиги, буттардын кан тамыр оорулары диагнозун коюшкан. 2020-жылдын июнь айынан баштап 1-типтеги кант диабети менен жабыркап келет. Султан Каримов инсулинге көз каранды.


Учурда кыргыз коомчулугу түп көтөрүлө Каримовго жардам берүү ниетин билдирүүдө. Кезинде “Ата Мекен” партиясынын гимнин ырдап, бул партияны күнү-түнү сүрөөнгө алып жүргөнү белгилүү. Эми башына оор күн келгенде бул партия кол сунабы? Жардам  берүүнү каалагандар үчүн ЭЛСОМ номери: 0507420542

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн