Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Султанбаев өлкө башчысынын жаңы жылдык куттуктоосуна байланыштуу туура эмес маалымат тараткан агенттикке билдирүү жасады

01.01.2023 20:06
768
Султанбаев  өлкө башчысынын жаңы жылдык куттуктоосуна байланыштуу туура эмес маалымат тараткан агенттикке билдирүү жасады


Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасында өлкө башчысынын жаңы жылдык куттуктоосуна байланыштуу туура эмес маалымат тараткан агенттиктин дарегине карата билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, Kaktus.media редакциясы президент Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу хромакейге (жашыл фон) тартылып, арткы фонго Баткендин борбору тандалып алынгандыгын жазып чыккан. Өз кезегинде Эрбол Султанбаев бул маалыматты төгүндөп, аталган редакцияны маалыматты тактабай, ишенимдүү калп айтуудан алыс болууга чакырды.

"Урматтуу Кактус медиа редакциясы!

Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн.

Бул силер тараптан коомчулукка, окурмандарыңарга болгон жоопкерчиликсиз мамиле. Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда.

Ушундай калпты таратып, элдин башын айлантып, жоопкерчиликке тартылып баштаганда дароо "сөз эркиндигине басым" деп чыгасыздар. Же сөз эркиндиги деп эле жалган маалымат тарата берсе болобу?

Ар бир ЖМКда маалыматтын чын-жалганын тактап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз сөз кылып жаткан басылма аны ойлонгон да эмес окшойт.

Дайыма айтып келем, сөз эркиндиги калп айтуу эмес, бул эң биринчи кезекте коомчулук алдындагы жоопкерчилик", - деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн