Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Султанбай Айжигитов тажик тарап менен түзүлгөн протоколдорду жокко чыгарууну сунуштады

28.09.2022 11:18
1109
Султанбай Айжигитов тажик тарап менен түзүлгөн протоколдорду жокко чыгарууну сунуштады

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Тажикстан менен түзүлгөн протоколдорду жокко чыгарууну сунуштады.


Депутаттын айтымында, түзүлгөн протоколдор аркылуу Тажикстан Кыргызстанга толук кандуу агрессия жасоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.


"Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын агрессиясынан кийин дагы протоколго кол коюлду. Бул протоколго ылайык кыргыз тарап стратегиялык постторун жана заставасын алды. 


Бул болсо мурдагыдан да чоң конфликтке жана Тажикстандын агрессиясына жол ачат.

Алар сойлоп отуруп эми буга чейин чек арачылар кайтарып турган жерге да кирип келүүгө аракет кылат.


Ошондой эле Тажикстандын УКМК башчысы 2021-жылдагы апрелде түзүлгөн протокол аткарылбаса тынчтык сакталбай турганын айткан эле. Кечээ да дал ошол сөзүн айтты.


Мындан улам Тажикстан кайрадан агрессия жасай турганын билдирди",- деди депутат Айжигитов.


Эл өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн протоколдорду жокко чыгаруу менен алардын укуктук негизин жокко чыгаруу мүмкүн экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн