Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүлүктү шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн 11 тажик жаранына айып салынып коё берилди

06.06.2022 11:52
1302
Сүлүктү шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн 11 тажик жаранына айып салынып коё берилди

Кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин биринде иштеп жүргөн жеринен 29-апрелде кармалган Тажикстандын 11 тургунуна карата Лейлек районунун соту чечим чыгарды. 3-июндагы сот чечими менен алардын ар бирине 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, бошотулду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу кабарлады.


Тажикстандын жарандарына "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен иш козголгон. Алар Тажикстандын Согд облусунун Жаббар Расулов районунун тургундары болгон.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн