Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сүлүктүдө 8 баш кой уурдоого шектүү эки жаран кармалды

24.03.2022 10:49
353
Сүлүктүдө 8 баш кой уурдоого шектүү эки жаран кармалды

Сүлүктү шаарында мал уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Лейлек районунун Раззаков айылынын 27 жаштагы К.Жнын Сүлүктү шаарындагы Майтонбоз жайытында жайгашкан короосунан белгисиз адамдар койлорун уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.


Бул арыз Сүлүктү ШИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 4 баш койду козулары менен, жалпылап айтканда 8 баш малын белгисиз адамдар короосунунун кулпусун бузуп уурдап кеткендиги аныкталат.


Сүлүктү ШИИБнын милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Сүлүктү шаарынын 21 жаштагы Н.у Н. Менен 21 жаштагы А.А.ны аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизет.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Сүлүктү шаарынын 2 тургуну былтыркы жылы 7 факт бодо мал уурдап сатып жүргөндүгү белгилүү болот. Ал эми 8 баш уурдалган койлор өз ээсине милиция кызматкерлери аркылуу кайтарылды.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн