Кулжа 13, 2025
Убакыт: 14:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Сүлүктүдөгү мурдагы ден соолукту чыңдоочу жай мамлекетке кайтарылды

12.06.2025 12:18
46
Сүлүктүдөгү мурдагы ден соолукту чыңдоочу жай мамлекетке кайтарылды


Сүлүктү шаарында жалпы аянты 3657 чарчы метр болгон, мурдагы ден соолукту чыңдоочу жай ыктыярдуу негизде мамлекетке кайтарылды.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, мурда аталган жайда көмүр казуучу "Ибрагим" ЖЧКсынын кеңсеси жайгашкан.


Бул жер аянты 2010-жылы жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен мүлктү Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн