Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Super TV'нын журналистин сабагандардын бири кармалды

24.11.2022 16:51
334
Super TV'нын журналистин сабагандардын бири кармалды


Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Super TV телеканалынын журналисти Бектурсун Жоробековго кол салууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


2022-жылдын 27-октябрында Ж.Б., 26-октябрь күнү кечинде Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде аны сабап, 10 000 сомдук телефонун жана ичинде 3500 сому бар капчыгын тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Андан соң кол салгандар качып кетишкен.


Бул факт “Каракчылык” беренеси менен катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири 2000-жылы туулган А.К. Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына жөнөтүлгөн. 


Милиция экинчи шектүүнү издеп жатат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн