Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сурабалдиева: Былтыр пандемиядан акча жасагандар, быйыл да "кара июлга" алып келди

02.07.2021 17:34
1701
Сурабалдиева: Былтыр пандемиядан акча жасагандар, быйыл да "кара июлга" алып келди

Саламаттык сактоо системасында реформалар керек деп, атайы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, былтыр келген гуманитардык жардам ким тарабынан кантип уурдалганын иликтеп бердик эле. Ошондо жоопкерчиликке тарта турган коррупционерлердин аттары да ачыкталган. Былтыр элди ыйга баатырып, аркасы менен акча жасагандар, эми да ишин улантышып, кайра эле "кара июлга" алып келишти. 


Калк үчүн жоопкерчилигин түшүнбөгөн жетекчилер менен "тил табышпай", кызматка жармашпай, сый мамиледе кеттим эле. 

Бирок, болуп жаткан оор кырдаалга системаны жеткирбейли деп, март айынан баштап тырпыраганда, уккан киши болсочу.


Азыр да жүрөк тынч эмес, саламаттык сактоо министрди мынчалык системаны шылдыңдап, мамлекеттин коопсуздугун тобокелге салганына таң калбаймын, бирок бул токтош керек. Эртеңки күнү кимдин аты менен жамынаарын баардыгыбызга маалым болуп калды. Убагында жоопкерчиликти түшүнбөйт, уят кылат дегеним жетекчиликтин эсинде калса керек. Ооруканалар толду, чын дили менен эмгектенген доктурларыбыздын кыйналган кезинде, саламаттык сактоо системанын башына таза (калгандарын эл көрдү) жетекчи келиш керек. 


Ортодо үмүт салганыбы дегендерге кыска жооп - мен толук реформага эле макулдукту бергенмин, азыр деле ошону талап кыламын. Мамлекет тарабынан келген-кеткен каражат тууралуу маалымат элге ачык жарыяланып берилиш керек. Бирок, эскилердин арасында буга каршылык күчтүүрөөк экен, ири коррупционерлер бири биринин башын жутмайын, өлкөбүздө жаңыланууга жол болбойт. 


 Урматтуу туугандар, ооба, калк ден соолугу - улуттук коопсуздук маселеси. Бирок, азыркы кырдаалда, оорулуу, жашы улгайган туугандар, тааныштарга кам көрүү - ар бир жарандын мойнундагы жоопкерчилик. Той-топур, аштарды токтото турсаңыздар, сураныч - эң көп аксакалдарыбыз ошол жерлерге чакырылат экен, анан ооруканаларда катуураак ооруп жатышат. 


Эльвира Сурабалдиева

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн