Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сурабайдын мэри эмнеге ыйлады?

30.06.2020 17:01
1011
Сурабайдын мэри эмнеге ыйлады?


Индонезиянын экинчи ири шаары эсептелген Сурабайда COVID-19 коронавирусу менен күрөшүүгө арналган дисскуссия маалында аталган шаардын мэри Три Рисмахарини күтүүсүздөн тизесине чөгөлөп индонезиялык врачтар ассоциациясынын алдында ыйлап жиберди деп билдирди REGNUM маалымат агенттиги.


Kompas басылмасынын белгилегенине караганда, шаардын мэри Сурабайдагы саламаттыкты сактоо жаатында түзүлгөн кырдаал үчүн өзүн күнөөлүүмүн деп эсептейт.


Сурабай мэриясындагы жолугушуу учурунда шаардын мэри чөгөлөө менен жалпы профилдеги аймактык бейтапкананын төрагасы, доктор Сударсондун бутуна жыгылып ыйлап жиберди деп айтылат маалыматта.


Шаардын мэри бейтапканада түзүлгөн оор кыйынчылыктарга колдон келген жардамын берүүгө аракет жасагандыгын билдирген. Арийне, Чыгыш Ява провинциясынын өкмөтүнө караштуу медициналык мекеме Сурабай шаарынын мэриясы жөнөткөн жеке коргонуучу каражаттар түрүндөгү жардамдан баш тарткан.


Сурабай шаары жайгашкан Чыгыш Ява провинциясы Индонезиядагы коронавирустун эпицентри бойдон калууда. бул шаарда 3,5 миллиондон ашык эл жашайт. Алардын 90%ы мусулмандар.


Джонс Хопкинс университетинин соңку маалыматы боюнча Индонезияда COVID-19 вирусу жуккан 55 миңден ашык учур катталды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн