Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сурамжылоо: Парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын колдойсузбу?

01.12.2021 14:42
11362
Сурамжылоо: Парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын колдойсузбу?


Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Ага нааразы болгон жактар да жок эмес. Нааразы болгон партиялар БШКнын имаратынын алдында нааразылыгын билдирип кайрылган учурлар да болду. Шайлоо учурунда БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр болуп, бюллетендерди кол менен эсептөө процесси жүрүүдө.


Бир нече партиялар, саясатчылар, активисттер кайрадан шайлоо өткөрүү талабын коюшууда.

Сиз парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын колдойсузбу?

Жок, шайлоо таза өттү 932 добуш (47.79%)
Ооба, кайрадан шайлоо өтүшү керек 889 добуш (45.59%)
Мага кызыгы жок 129 добуш (6.62%)

Пикирлер (134)

Коопсуздук коду
Турсуналиева Чолпон
Шайлоо таза отту.Кайра шайлоо кереги жок,ансыз деле кымбатчылык олкобуздо, бюджетте акча тартыш.
Эркин
Силерге кайра өткөрө бергидей акчам жок!
Чолпон усенова
Шайлоо таза отту,кол менен саноо закон ченемдуу,кайра шайлоо кереги жок
Шайлоев Турдубек
Сөзсүз түрдө шайлоо кайра өтүү керек, бирок ушундай эле добуш уурдоо, фальсификация боло турган болсо өздөрү каалаган адамдарды эле отургузуп алсын шайлоосуз эле.
Исмаилова Кенжегуль Искаковна
Таза откон жок,сбой болду Малиев 2 орунда келатып, жарым сааттын аралыгында 1 орунга оттуп калды ,3000 голос менен келаткан ,сбой болгондон кийин бат эле 5000 болуп калды ,анын аттандашы ошол эле сан менен калды ,мен ишенбей калдым болбой эле коррупция мейлин ,кудайга койдум