Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сурамжылоо: Президент ордунда калышы керекпи же кетсинби?

12.10.2020 10:26
23267
Сурамжылоо: Президент ордунда калышы керекпи же кетсинби?


Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасаганда: “Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын”, - деп билдирген эле.


Ал эми коомчулукта мындай билдирүүгө кошулбай,  президент мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеп калышы керек деген пикирлер арбын айтылууда. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги окурмандардын пикирин билүү максатында  атайын сурамжылоо жүргүзөт.

Саясий кырдаал укуктук талаага кайткандан кийин президент кызматта калсынбы же кетсинби?

Калсын 812 добуш (87.22%)
Кетсин 113 добуш (12.14%)
Мага баары бир 6 добуш (0.64%)

Пикирлер (688)

Коопсуздук коду
Мухамед
Калсын мен колдойм
Жыргалбек
Ханда куноо жок
Суюмкан Бекташева
Сооронбай Шарипович мооноту буткончо калсын.Азырынча татыктуу эч ким жок.Закондуу, легитимдуу кылып откоруп берет.Ага чейин озу президентикке пдис даярдап корсотсо жакшы болмок.Ал ишти (президенттикти)ким жасай алат,кандай билим керек экенин билди да.Калсын✋
Сагынбаев Эркинбек
Хан созсуз турдо дароо кетиш керек эгер анын он колу вазири акча алып мыйзамсыз жолго барып анысы элге билинип далилденип анан ал качып кетсе хан озун озу тапанча мн башка атып олуп алса бул даана эркектик болмок
Роза Тешеева
Ыймандуу адам